Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Журналисттерди жана адвокаттарды колдоого акча топтоо уланууда


Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.
Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, жалпысынан 398 595 сом чогулду. "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы "Медиа Фокус" коомдук уюмунун эсебине 2-март күнү 53 миң сом которгон.

Экс-президенттин доосуна жыгылган журналисттерди колдош үчүн акча чогултуу өткөн жылдын декабрь айында "Сөз эркиндигин коргоо комитети" тарабынан башталган. Демилгечи Адил Турдукуловдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, акция бул маселеге коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөн:

- Биз бул демилгени өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында баштаганбыз. Анткени, 1-5 сомдон чогултуу менен мынча суммадагы акчаны чогулта албайсың. "Президентке бир сом" деген акцияны мурдагы жылы журналист Дайырбек Орунбековдун 2 млн. сомдук доосун төлөш үчүн да көтөрүп чыкканбыз, бирок ошол сумма да чогулган эмес.

​Былтыр башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион, журналист Нарын Айып 9 миллион, сайт ээси Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ушундай эле айыптоо менен укук коргоочу, экс-депутат Чолпон Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Бул иштер февраль айында Жогорку сотто каралып, сот чечимди күчүндө калтырган.

Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова Чолпон Жакупованын Ысык-Көлдөгү үйүн сатыкка коюу жөнүндө чечим чыгарды. Ал эми дагы бир судья Альбина Жээнбекованын чечими менен Нарын Айыптын Бишкектеги батири сатылбай турган болду, бирок журналисттин мойнуна илинген 9 млн. сом тууралуу чечим күчүндө калды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG