Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Тургуналиев: Соттор миң баштуу ажыдаар болуп калды


Топчубек Тургуналиев.
Топчубек Тургуналиев.

Ак үйдүн алдында “коррупцияга каршы” урааны менен чыккандарга коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев да келип кошулду. Ал митингде сөз алып, Кыргызстандагы сот системасы коррупцияга батып, чукул арада тазалоого муктаж болуп калганын билдирди:

- Бүгүнкү митинг менен коррупцияга, мамлекеттик шылуундарга каршы жалпы улуттук кыймыл башталды деп эсептеш керек. Президент Сооронбай Жээнбеков таза иштеген азчылык менен гана калды. Ал эми мамлекеттик кызматтагылардын өкмөтү болобу, жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрү болобу, соту болобу басымдуу бөлүгү ууруларга айланып кетти. Мамкызматкерлер, Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары коррупцияга белчесинен батты. Жогорку сотто отургандардын көбү шылуундукка, уурулукка малынып калган. Булардын баары миң баштуу ажыдаар болуп кетти. Ошондуктан Жээнбеков өзү жалгыз ал коррупционерлерди тукум курут кыла албайт. Коррупцияга каршы улуттук кыймыл бардык аймактарда уланышы керек.

Акцияга коомдук ишмерлер Сабыр Муканбетов, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, экс-депутат Чолпон Жакупова да кошулду. Митингге чыккандардын арасында Кыргызстандын аймактарынан келгендер да бар.

Чогулгандар президент Сооронбай Жээнбековдун өкүлүнүн чыгышын талап кылган ураандарды айтып жатышат. Алар президентке тандалган соттор кандай чечимдерди кабыл алганы тууралуу досье жана коррупцияга каршы күрөштү сөздөн ишке өткөрүү өтүнүчү жазылган кайрылуу тапшырышмакчы.

Нааразылык акциясына чыккандар Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин жана башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан кетишин талап кылышууда. Алар ошондой эле Жогорку соттогу алты судьялык бош орунга тандалган Кыдык Жунушпаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Кымбат Архарова, Айдарбек Алымкуловду бекитпөөнү президенттен суранышууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG