Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Митингчилер кайра чогулмай болуп тарашты


Митингчилер Ак үйдүн алдында. Ортодо акциянын уюштуруучусу Рита Карасартова.
Митингчилер Ак үйдүн алдында. Ортодо акциянын уюштуруучусу Рита Карасартова.

Ак үйдүн алдында “коррупцияга каршы” урааны менен акцияга чыккандар президент Сооронбай Жээнбековдун өкүлү чыкпай койгондон кийин кайрадан митингге чогулмай болуп тарашты. Бул тууралуу митингди уюштуруучулардын бири, укук коргоочу Рита Карасартова митингдин жабылуу сөзүн сүйлөп жатып билдирди:

- Президенттин өкүлү чыккан жок. 100 метр жерден чыкпай койгону - бул да элди тоготпогондугунун, элден алыстап кеткендигинин көрсөткүчү. Жогорку Кеңештин депутаттары деле чыгып койсо болмок. Биз президентке жазган кайрылуубузду өзүбүз да барып тапшырып коебуз. Бирок биз Кыргызстанда коррупцияга каршы кыймыл түзөбүз. Ага талаптарыбызды жаңылап, кайра 7-апрель күнү да ушундай нааразылык акциясына чогулабыз. Биз президенттин коррупцияга каршы күрөшүн колдойбуз, бирок ошол эле кезде анын коррупционерлерди бат тазалоосун талап кылабыз.

Карасартова айткандай президентке багытталган кайрылууда тандалган соттор кандай чечимдерди кабыл алганы тууралуу досье жана коррупцияга каршы күрөштү сөздөн ишке өткөрүү өтүнүчү жазылган.

Рита Карасартованын сөзүнөн кийин митингге чогулгандар тарап кетишти.

Нааразылык акциясына чыккандар Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди жана башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан кетишин талап кылышты. Алар ошондой эле Жогорку соттогу алты судьялык бош орунга тандалган Кыдык Жунушпаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Кымбат Архарова, Айдарбек Алымкуловду бекитпөөнү президенттен суранышты. (ErN)

XS
SM
MD
LG