Линктер

дүйшөмбү, 25-июнь, 2018 Бишкек убактысы 06:07

Жогорку сот “кыйноо колдонду” деп айыпталган үч милиция кызматкерине карата чыккан сот өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыйноого каршы коалициянын өкүлү Сайкал Малик кызы кабарлады.

Таш-Көмүр шаардык милициясынын үч кызматкери "2015-жылы 21 жаштагы Анарбек уулу Эсенбекти уурулукка шектүү катары кармап кетип, башына желим баштык, противогаз кийгизип кыйнап, буту-колуна, бөйрөктөрүнө таяк менен урган" деп айыпталган.

Анарбек уулунун адвокаты Нурислам Райимжановдун айтымында, милиционерлер аны дээрлик 10 саат кыйнаганы тууралуу бардык далилдер чогултулуп, 2017-жылдын декабрында Жалал-Абад облустук соту үчөөнү тең 8 жылдан эркинен ажыраткан, сот залынан камакка алган.

Бирок милиционердин адвокаты Жогорку сотко кайрылып, аларды актоону суранган.

Жалал-Абаддагы “Справедливость” укук коргоо уюмунун юристи, адвокат Нурислам Райимжанов Жогорку соттун облустук инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган бүгүнкү чечимин жеңиш катары баалап, “сот реформасы акырындап болсо да үзүрүн бере баштады” деген пикирин айтты.

- Ишти кайра кароого жөнөтүп, убакыт өтүп кеткендиктен күнөөлүүлөр жазадан кутулуп кеткен учурлар көп эле болот. Ал эми бүгүн Жогорку сот биздин далилдерге ынанып, айыптуулардын жазасын күчүндө калтырганына кубанып, аз болсо да сот реформасы үзүрүн берип жатканы катары кабыл алдык.

Адамды кыйнап, күнөөнү моюнуна алдырганы сотто далилденген милиционерлер Автандил Болотов, Элзар Ибраимов жана Шекербек Ажибеков сегиз жылдык жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөгө милдеттендирилди. Алардын адвокаты Алмаз Ниязов комментарий берүүдөн баш тартты.

Кылмыш кодексинин 305-1-беренеси ("Кыйноо") боюнча өткөн айда Бишкектеги беш милиционердин өкүмүн да Жогорку сот күчүндө калтырган.

Жабык жайлардагы кыйноо Кыргызстандагы адам укуктары боюнча негизги мүшкүлдөрдүн бири. 2016-жылы Башкы прокуратурага мындай фактыларга байланыштуу 435 арыз-даттануу келип түшкөн. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG