Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

АКШ Чыгыш Гутага чабуул коюуну токтотууну талап кылды


Чыгыш Гутада үй-жайы талкаланган адам. 1-март, 2018-жыл.
Чыгыш Гутада үй-жайы талкаланган адам. 1-март, 2018-жыл.

Кошмо Штаттар Сириянын президенти Башар Асаддын режиминин Чыгыш Гута аймагына чабуул коюп жатканын айыптады. Сириядагы башкаруучу режимди Орусия менен Иран колдойт.

Ак үйдүн жекшембидеги билдирүүсүндө Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Сирияда 30 күндүк ок атышууну токтотуу жөнүндө резолюцияны кабыл алуу улам артка жылдырылып жатканы белгиленет. Билдирүүдө Чыгыш Гутада террорго каршы операциянын шылтоосу менен бейкүнөө адамдар жок кылынганы да айтылат.

Ак үйдүн билдирүүсүндө 24-28-февралда орусиялык аскер учактары Сириянын түндүк-батышындагы "Хмеймим" аэродромунан Дамасктын чеке-белине жана Чыгыш Гутага 20 жолу учуп барганы кабарланат.

Эл аралык коомчулуктун, Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин эскертүүсүнө карабай Сириянын президенти Башар Асад Чыгыш Гутадагы аскердик операциялар уланарын билдирди. Анын мындай комментарийин 4-мартта мамлекеттик телеканал көрсөттү.

Чыгыш Гутада ушу тапта 390 миңден ашуун тургун курчоодо калды. 18-февралдан бери токтобой жаткан өкмөттүк күчтөрдүн жана алардын өнөктөштөрүнүн соккуларынан бери дегенде алты жүздөй жайкын тургун каза тапты.

​Москванын күнүнө беш сааттык ок атышпоо режимин киргизүү тууралуу чечими да, Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши кабыл алган 30 күндүк элдешүү тууралуу резолюция да натыйжа берген жок.

XS
SM
MD
LG