Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Кыргызстандын энергосекторунун активдерин баалоо башталды


"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.
"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик мүлк фонду өлкө эгемендик алгандан бери биринчи жолу Кыргызстандын энергосекторунун активдерин баалоо жана жабдууларын инвентаризациялоо иштерин баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” фонддун өкүлдөрү кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, процесс учурунда “Электр станциялары”, “Чакан ГЭС”, “Кыргызстандын улуттук электр тармактары”, “Түндүкэлектр”, “Ошэлектр”, “Жалалабадэлектр”, “Чыгышэлектр” ачык акционердик коомдору жана Бишкек Жылуулук электр борбору текшерилет.

Энергокомпаниялардын активдерин инвентаризациялоо боюнча алардын 1500 кызматкери эл аралык тендерден уткан Армениядагы “Грант Торнтон” ишканасынын Кыргызстандагы жана Казакстандагы филиалдары тарабынан окуудан өттү. Кызматкерлер эми баалоо процессин эл аралык нормаларга ылайык жүргүзүшөт.

Жыл башынан бери Аксуу РЭСин, Үчкоргон ГЭСин жана Нарын ПВЭСин пилоттук түрдө инвентаризациялоо жүргүзүлдү. Иш-чара марттын биринчи декадасынан баштап бардык сегиз энергокомпаниясында башталат. Андан кийин компаниялардын активдерин баалоо жүргүзүлөт.

Мамлекеттик мүлк фондундагылар бул саамалык өлкөнүн энергосекторунун дараметин аныктоого жана аны башкарууга жардам берет деп эсептешет. Баалоо жана инвентаризациялоо 2019-жылга чейин уланат. (ErN)

XS
SM
MD
LG