Бийликти тартып алууга аракет кылганы айтылып жаткан өзбек журналисти Бобомурод Абдуллаевдин соту Ташкентте 5-мартта башталат. Аны менен кошо блоггер Хает Хан Насриддинов жана ишкерлер Равшан Салаев менен Шавкат Оллоёров да сот жообуна тартылууда.
Абдуллаевдин адвокаты Сергей Майоров журналист менен 3-мартта жолукканын, журналист Улуттук коопсуздук комитети кармагандан кийин бир нече жолу кыйноого кабылганын билдирди.
“Алар аны желим таяк менен далыга, колго-бутка койгулашкан. Алты күн уйку бербей коюшкан. Ал убакта ага отурганга же жатканга да уруксат беришкен эмес”, – деди Майоров журналисттин кандайча кыйноого кабылганын айтып жатып. “Аны компьютердин кабели менен да койгулашкан”, – деди адвокат.
Эркин журналист Абдуллаев "мурдагы жана азыркы президенттерден бийликти тартып алууга аракет кылган" деген негизде 27-сентябрда Ташкентте камакка алынган.
Тергөөнүн алгачкы тыянагына караганда, 44 жаштагы журналист "Усман Хакназаров" деген ысым менен Интернетке макалаларды жарыялап, шайланган жетекчилерден бийликти тартып алууну пландаштырган.
Абдуллаевге коюлган айып далилденсе, Өзбекстандын мыйзамына ылайык, 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.