Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Карыздын айынан балдызын бычактап салган Оштун тургуну кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарынын борбордук базарында аялды бычактап салган киши кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, 4-мартта базарда майда манты сатып отурган 29 жаштагы келинди белгисиз бирөө артынан келип, бычак сайып качып кеткен. Тергөө иштеринин натыйжасында бүгүн кылмышка шектүү катары жабырлануучунун 52 жаштагы жездеси колго түшкөн. Сурак учурунда шектүү Ж.К. анын аялын балдызы ортого түшүп чоң суммага карыз кылып койгондугу үчүн аны бычактап салганын билдирген. Кармалган адам аялы карыздарды кайтарыш үчүн Орусияга иштегени кетип калгандыгына жинденген.

Жабырлануучу Д.А. аттуу келин бычактан алган жараатынан көп кан кетирген. Ал учурда Ош облустук ооруканасында дарыланууда. Абалы оор.

Кылмышка шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG