Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

ЖЭБдеги жемкорлук: Бердибек Боркоев эки айга камалды


"Электр станциялары" ишканасы.
"Электр станциялары" ишканасы.

Биринчи май райондук сотунун 5-марттагы чечими менен "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев эки айга камалды. Бул убакытта ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында болорун аталган комитеттин басма сөз кызматы маалымдады.

"Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев 3-мартта Бишкек жылуулук электр борборун оңдоодо ири суммадагы уурулук фактысына шектелип, камакка алынган.

Атайын кызматтын 3-марттагы билдирүүсүнө ылайык, "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилери оңдоп-түзөө иштерине жасалма келишимдерди түзүп, компанияларга акча которгон. Бирок ЖЭБ оңдоо жумуштарын өз күчү менен жүргүзгөн.

Уурдалган каражат 2017-2018-жылкы күз-кыш мезгилине даярданууга бөлүнгөн. Аталган фактылар боюнча УКМК бир нече берене менен кылмыш ишин козгогон.

Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдык иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок.

Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча коомчулукта түрдүү нааразылыктарды жараткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG