Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

"Ош" базарындагы "Сейтек" соода жайында өрт чыкты


5-март, 2018-жыл.
5-март, 2018-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрт тууралуу алгачкы маалымат 5-март күнү саат 21:00дө түшкөн. Ошол замат кырсык болгон жерге өрт өчүрүү кызматынын үч бригадасы жөнөп кетишкен. Өрттүн чыгышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрттөн жабыркагандар жок. Учурда өрттү өчүрүү иштери уланууда. Кырсык болгон жерде ИИМдин кызматкерлери, Тез жардам кызматынын өкүлдөрү жүрүшөт.

Быйыл 30-январда ушул эле соода түйүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен. Анын жанындагы "Берекет плюс" соода түйүнүндөгү 10 контейнер да кошо өрттөнгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG