Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Орусия техникалык жактан дүйнөлүк Интернетти өчүрүп коюуга даяр


Президент Путин кеңешчиси Клименко менен.
Президент Путин кеңешчиси Клименко менен.

"Бирок бул процесс оор болот" деп билдирди президент Путиндин Интернетти өнүктүрүү жаатындагы кеңешчиси Герман Клименко НТВ телеканалына берген интервьюсунда. Ал "бирок Орусияда Түндүк Кореядагыдай же Кубадагыдай экстремалдык варианттар колдонулбасын" баса белгиледи.

"Байланыштар жөнүндө" мыйзамга Рунеттин инфраструктурасына мамлекеттин көзөмөлүн күчөтүүгө шарт түзө турган түзөтүүлөрдү киргизүүнү президент Путин тапшырган. Былтыр Каржы министрлиги Рунетке сырттан кийлигишүүгө каршы коопсуздук чараларын бекемдөөгө багытталган мыйзам долбоорун кайтарган. Буга мыйзамды ишке ашыруудагы чыгаша жөнүндө маалыматтардын жоктугу себеп болгон.

Президент Путиндин көрсөтмөсү менен иштелип жаткан "Санариптик программа" долбоору боюнча 2024-жылы бардык трафиктердин 95% Орусия аркылуу өтүүгө тийиш. Мамлекеттик органдардагы чет элдик жабдуулардын үлүшүн 50%, ал эми программа менен камсыздоо үлүшүн 10% чейин азайтуу каралган. Мындан тышкары, 2018-жылы Рунеттин коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуучу система ишке кириши керек.

Эл аралык укук коргоочу "Агора" кыймылынын маалыматы боюнча, 2017-жылы Орусияда Интернет чектелген жүз миңден ашуун учур катталган. Орто эсеп менен Рунетте күн сайын 244 баракча жабылып, жума сайын пайдалануучулар түрдүү опузаларга жана чабуулдарга дуушар болуп турушкан.

XS
SM
MD
LG