Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Жолдо жүрүү эрежесин бузган жөө адамдарга айыппул салынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы март айынын башынан тартып жөө адамдар тарабынан жол эрежелери сакталышын камсыз кылуу максатында атайын рейд өткөрө баштады.

Аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Нурбек Токтосуновдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, рейд жер-жерлерде ИИМдин кайгуул-күзөт кызматкерлеринин катышуусу менен өтүп жатат:

- Бишкек шаарында, бардык жети облуста рейд өтүп жатат. Анда унаа жүрүүчү жолду тиешелүү белгиленген жерден эмес, туш келди кесип өткөн, жол чырактарынын көрсөтмөсүнө баш ийбей, өтүп кеткен жөө адамдарга жол кыймыл эрежелерин одоно бузганы үчүн атайын белгиленген 500 сом айыппул салынууда.

Юстиция министрлиги кабыл алган Жол кыймыл эрежелеринин 4-беренесинде жөө адамдардын укуктары жана милдеттери так көрсөтүлгөн. Ага ылайык, жөө адамдар жолдо бараткан учурда жол кыймылынын эрежелерин сактоого милдеттүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG