Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

УзМТРК Кыргызстан тууралуу берүүлөрдү көрсөтөт


УзМТРК жана КТРК жетекчилери Алишер Хаджаев менен Илим Карыпбеков.
УзМТРК жана КТРК жетекчилери Алишер Хаджаев менен Илим Карыпбеков.

Кыргызстандын Коомдук телерадиокорпорациясы менен Өзбекстандын улуттук телерадиокомпаниясы кызматташат. Өткөн аптада КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков иш сапары менен Ташкентке барып, УзМТРКнын жетекчилиги менен жолугушту жана кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту.

Илим Карыпбековдун "Азаттыкка" айтканына караганда, Өзбекстандын телеканалы Кыргызстандагы туризм, бул жактагы кызыктуу инсандар, окуялар жана салт-санаа тууралуу берүүлөрдү, ролик, фильмдерди 7-марттан тартып көрсөтөт. КТРК болсо коңшу өлкө сунуш кылган ушул сыяктуу берүүлөрдү 6-марттан тартып обого чыгара баштады. Андан тышкары, келерки айдан тартып эки компаниянын кызматкерлери тажрыйба алмашып, бири-бирине катташмакчы.

УзМТРКнын журналисттери Кыргызстанга келип өзбек тектүү элдин жашоосун, КТРКнын кабарчылары ал жактагы кыргыздардын турмушунан репортаж даярдашат.

Кыргызстандын Коомдук телерадиокорпорациясынын курамында алты телеканал, төрт радио бар.

Өзбекстандын улуттук телерадикомпаниясынын карамагында 12 телеканал, төрт радио иштейт. (SE)

XS
SM
MD
LG