Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Лейлекте мигранттар ишкерликке окуп жатышат


Тоок чарбасы. Бишкек.
Тоок чарбасы. Бишкек.

Чет жактарда иштеп жүрүп, мекенине кайтып келген мигранттарга жаңыдан иш баштоонун сырларын "Инсан-Лейлек" коомдук фонду окутуп жатат.

Фонддун төрайымы Гүлнара Дербишеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мигранттар бизнес-план түзүү, киреше-чыгашаларды эсептөө, салык төлөө ж.б. ишкерлик ыкмаларын жолдорун үйрөнүшөт:

- Сыртта жүрүп кайтып келген мигранттар көбүнчө акча менен келип, бул жактан иш ачууну көздөшөт. Бирок алардын көбү максатына жетпей банкрот болуп, кайра миграцияга кеткен учурлар бар. Биздин фонддун көмөгү менен 15 бизнес-долбоор ишке ашты.

Гүлнара Дербишеванын айтуусунда, Лейлек районунун Катраң айылында мигранттар ачкан чакан тоок фермалары "ЕАЭБ шартындагы мигранттардын экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүгүн бекемдөө" аттуу долбоордун алкагында каржылай колдоо таба алышты. Аталган долбоор "Fair & Sustainable Development Solutions" (FSDS) уюму тарабынан каржыланат. (MdN)

XS
SM
MD
LG