Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Чехияда депутат-коммунисттин кетишин талап кылган митинг өттү


Прагадагы митинг. 5-март, 2018-жыл.
Прагадагы митинг. 5-март, 2018-жыл.

5-мартта кечке жуук жалпы өлкө боюнча миңдеген жарандар Коммунисттик партиянын депутаты Зденек Ондрачектин Коопсуздук күчтөрүнүн башкы инспекциясын көзөмөлдөөчү парламенттик комиссиянын башчылыгына дайындалышына каршы чыгышты. Ал 1989-жылы коммунисттик полиция кызматкери болуп туруп, Праганын Вацлав аянтынан демонстранттарды күч менен кууп таркатууга катышкан. Ал окуяларда Чехиянын болочок президенти Вацлав Гавел кармалып, тогуз айга камалган.

5-мартта нааразылыкка чыккан демонстранттар дээрлик 30 жыл мурунку митингди эскерип, ачкычтарды шыңгыратышты.

Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш 2-мартта парламентте добуш берүүнүн жыйынтыгына карабай, Ондрачектин кызматтан бошотулушуна жетишүүгө аракет кыларын билдирди.

Депутаттын дайындалышы чех коммунисттеринин шайлоого катышып өтпөй калган ANO партиясынын сунуштарын ишке ашырууга көмөктөшүү чечимине ылайык болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG