Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Прокуратура: Салмак-көзөмөл кызматкерлери 651 жолу мыйзамсыз документ берген


Бишкек-Ош автожолу.
Бишкек-Ош автожолу.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-көзөмөл агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 315-беренесинин ("Кызматтык жасалмалоо") негизинде кылмыш ишин козголду.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, транспорт прокуратурасы мекеменин ишин текшерип чыккан. Агенттиктин Ош аймактык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары “Эркечтам” транспорт көзөмөл жайынын башчысы жана башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, былтыркы жыл аралыгында 651 жүк ташууучу автоунаага бир жолку атайын уруксат кагазын берип, мыйзам бузган.

Алар күнүмдүк турмушка керектүү товарларды ташып турган, салмагы белгиленген чектен ашып кеткен. Прокуратура мыйзам боюнча мындай уруксат кагаздары атайын жана бөлүнбөй турган жүк жүктөгөн машинелерге гана берилүүгө тийиш экенин маалымдады. Транспорт жана жолдор министрлиги прокуратуранын маалыматына комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG