Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Доого жыгылган журналисттер үчүн 400 миң сомдой акча чогулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы "Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" маалыматында доого жыгылган журналисттерди колдоо үчүн чогулган акчанын суммасы 398 595 сомду түздү. Ошондой эле "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы "Медиа Фокус" коомдук уюмунун эсебине 2-март күнү 53 миң сом которгон. Бул тууралуу "Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" өкүлү Адил Турдукулов маалымдады.

- Акча чогултууну "Сөз эркиндигин коргоо комитети” баштаган. Мунун максаты мыйзамсыз чечимдер менен ири сумманы төлөп берүү эмес, коомчулуктун бул маселеге көңүлүн буруу болчу. Максат ишке ашып жатат. Кыргызстанда буга чейин сөз эркиндиги үчүн мынча акча чогулган эмес. Бул дагы жакшы көрүнүш.

Бүгүн 6-мартта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Zanoza.kg" сайтынын журналисттерин сотко бергенине бир жыл толду. 2017-жылы башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион, журналист Нарын Айып 9 миллион, сайт ээси Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ушундай эле айыптоо менен укук коргоочу, экс-депутат Чолпон Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Бул иштер февраль айында Жогорку сотто каралып, сот чечимди күчүндө калтырган.

Жакында Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова Чолпон Жакупованын Ысык-Көлдөгү үйүн сатыкка коюу жөнүндө чечим чыгарды. Ал эми дагы бир судья Альбина Жээнбекованын чечими менен Нарын Айыптын Бишкектеги батири сатылбай турган болду, бирок журналисттин мойнуна илинген 9 млн. сом тууралуу чечим күчүндө калды. (TSh)

XS
SM
MD
LG