Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет баштапкы маалыматтар боюнча салык жана бажы органдарынын, Экономика министрлигинин айрым кызматкерлери "2016-2018 жылдары мамлекетке 217 млн. сом зыян келтирген" деген шек менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын маалыматына караганда, ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында коррупциялык схеманын негизинде бюджеттик казынадан ири суммадагы каражат чыгарылып кеткен. Башкача айтканда, айрым юридикалык фирмалар Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөп алганы тууралуу жалган документтерди жасап, тийиштүү мамлекеттик органдарга берип турушкан. Анын жыйынтыгында ал юридикалык фирмалар 2016-2017-жылдары мамлекеттен 217 млн. сом каражатты мыйзамсыз кайтарып алышкан.
Учурда УКМК тарабынан Салык жана Бажы кызматынын имаратында ыкчам иликтөө иштери уланып жатат.
Буга чейин УКМК “Дордой” базарынын айрым кампаларында ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатканын маалымдаган. Бирок Мамлекеттик салык кызматы “Дордой” базарында эч кандай тинтүү жүрбөгөнүн, ал кадимкидей иштеп жатканын, ал эми Бажы кызматы бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирген. (TSh)