Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Тынаев: Ош базарына өрт атайын коюлду деген версия да каралат


Ош базарындагы өрт. 5-март, 2018-жыл.
Ош базарындагы өрт. 5-март, 2018-жыл.

Учурда Ош базарындагы "Сейтек" соода жайындагы чыккан өрттүн себептери аныкталууда. Бул тууралуу Бишкектин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев билдирди.

- Өрт атайын коюлган деген версия деле каралат. Азыр эксперттер иштеп жатат. Биринчи өрттө деле ушундай сөз болгон. Анда иликтөөнүн жыйынтыгы "зымдар тийишип кеткен" деп чыкты. Эми бул да иликтенип жатат, - деди ал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 5-мартта "Сейтек" базарынан чыккан өрт үч сааттан кийин, 00:40та толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен 1000 чарчы метр аянт күйгөн. Алгачкы маалымат боюнча өрттөн жараат алгандар жок.

Быйыл 30-январда ушул эле соода түйүнүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен күйүп кеткен. Анын жанындагы "Берекет плюс" соода түйүнүндөгү 10 контейнер да кошо өрттөнгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG