Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Бишкекте бак-дарактарды кыюуга каршы кол топтолуп жатат 


Бишкек. Токтоналиев көчөсүндө кыйылган бак. Июнь, 2017-жыл.
Бишкек. Токтоналиев көчөсүндө кыйылган бак. Июнь, 2017-жыл.

"Арча" коомдук фонду change.org сайтында Бишкекте бак-дарактарды кыюуну токтотууну талап кылып кол топтоп жатат. Фонд Бишкектин мэри Албек Ибраимовго, вице-мэр Эркинбек Исаковго кайрылуу жиберди. Анда бак-дарактар шаардын экологиялык коопсуздугун камсыз кылып тургандыктан, аларды кыюуну токтотууга чакырык ташталган.

Фонддун маалыматына караганда, бир кезде "жашыл шаар" атка конгон Бишкекте акыркы 25 жыл ичинде бак-дарак кескин азайып кетти. Маселен, 1980-жылдарда шаардын бир тургунуна 30 чарчы метр жашыл аянт туура келсе, азыр бул көрсөткүч 5 чарчы метрден ашпайт. Кайрылууда ошондой эле эл аралык жана ички мыйзамдарга ылайык, ар бир жаран курчап турган чөйрөгө байланышкан маселелерди чечүүгө катыша алары айтылган.

"Биз, Бишкектин жашоочулары, коопсуз шаарда жашоону каалайбыз. Шаардын жашыл фонду - мурдагы муундун мурасы, ал оңойго турбаган эмгек менен келген. Жашылдандыруу иши 1940-жылдардагы кыйын кезеңде да токтогон эмес. Заманбап технология болгон азыркы заманда шаардын бак-дарактары жок болуп кетеби?" - деп айтылат кайрылууда. Анда ар бир шаардыкка кеминде 12 чарчы метр бак-дарак туура келиши керек деген талап коюлган.

“Бишкекзеленхоз” ишканасы "Азаттыкка" билдиргендей, былтыр баш калаада 3000ге жакын бак кыйылды. Шаарда азыр 23 000 түп бак-дарак бар. Былтыр 10 000 көчөт отургузулган.

Экологдор буга чейин Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе көп экенин айтып чыгышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG