Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:07

Жээнбеков: Асылбек уулу жеңил ойлуулук кылды


Cооронбай Жээнбеков. 6-март, 2018-жыл. Бишкек.
Cооронбай Жээнбеков. 6-март, 2018-жыл. Бишкек.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-мартта маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун Казакстанда кармалышы тууралуу пикирин билдирди.

Жээнбеков бул окуяны катуу кабыл алганын айтып, Дамирбек Асылбек уулу "жеңил ойлуулук кылганын" билдирди. Ал Казакстан акыйкат тергөө жүргүзөт деген ишеничте экенин жана бул өлкөнүн ишине киришпей турганын белгиледи.

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу быйыл 17-февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган. Ал Кыргызстандын эки жараны менен кошо эки айга камакка алынган.

Кийинчерээк Казакстандын мамлекеттик органдары Дамирбек Асылбек уулу казак жараны, улуту казак экени тууралуу маалымат тараткан.

Бирок депутаттын жакындары мындай маалыматты четке кагып, Асылбек уулу Кыргызстанда туулуп-өскөнүн, кыргыз жараны экенин билдирип жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG