Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:22

Ооганстанда кеминде 31 согушкер жок кылынды


Кабулдун сыртында ооган бала советтик танктын үстүнөн секирип ойноп жатат. 5-март, 2018-жыл.
Кабулдун сыртында ооган бала советтик танктын үстүнөн секирип ойноп жатат. 5-март, 2018-жыл.

Соңку 24 сааттан бери ооган армиясынын аба соккуларынан кеминде 31 киши, анын ичинде “Ислам мамлекети” террордук уюмуна кирген жоочулар өлтүрүлгөнүн өлкөнүн Коргоо министрлиги 6-мартта билдирди.

Министрлик 17 шектүү жоочу жарадар болуп, экөө камалганын кабарлады. Билдирүүдө өлкө боюнча согушкерлер баш калкалаган жана курал-жарак каткан жерлерге кеминде 13 жолу абадан сокку урулганы айтылат.

Аскердик операциялар Нангахар, Кунар, Газни, Пактика, Кандагар, Забул, Фарах, Бадгиз, Кундуз, Тахар, Фаряб, Нимроз жана Гелманд провинцияларында жүргүзүлдү.

XS
SM
MD
LG