Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Түндүк Кореянын лидери Сеул менен кызматташууну каалайт


Түштүк Кореядан барган өкүлдөр Ким Чен Ын менен жолугушууда. 5-март, 2018-жыл.
Түштүк Кореядан барган өкүлдөр Ким Чен Ын менен жолугушууда. 5-март, 2018-жыл.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореянын өкүлдөрүн “ачык маанайдагы” сүйлөшүүгө чакырып, “ишке чындап киришүүгө эрки бекем” экенин айтты.

Ким бийликке келгенден бери Сеулдун өкүлдөрү менен 5-мартта биринчи жолу кездешти. Буга чейин эки Кореянын ортосунда мамиле Пхеньяндын өзөктүк программасынан улам чыңалып келген.

Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасы Ким Чен Ын төрт саатка созулган кечки тамак маалында “улуттук биригүүнүн жаңы тарыхын” жазуу ниети бар экенин айтканын кабарлады.

Кимдин мындай жылуу маанайдагы сөзүнө Сеул менен Вашингтон ишенбей турганын билдирди. Алар Пхеньян АКШ башында турган Батыш өлкөлөрү киргизген санкцияларды жеңилдетиш үчүн Түштүк Кореяга “жакындашып жатат” деп шек санап жатышат.

Түштүк жана Түндүк Кореянын мамилеси Пхеньян спортчуларын Пхёнчхаңда өткөн кышкы Олимпиадага жиберүүгө макул болгондон бери жандана баштаган.

Пхеньяндын медиасы Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти менен жолугууну күн тартибине коюп, “чыныгы кадамдар” башталганын кабарлады.

Түштүк Кореянын президенти Мун Пхеньянга барууга ниетин билдирип, бирок сүйлөшүүлөрдүн максаты “өзөктүк программадан баш тартуу” болушу керек экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG