Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Жээнбеков: Бир туугандарымды, үй-бүлөмдү башкарууга аралаштырбайм


Сооронбай Жээнбеков. 6-март, 2018-жыл. Бишкек шаары.
Сооронбай Жээнбеков. 6-март, 2018-жыл. Бишкек шаары.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-мартта маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушууда бир туугандарынын мамлекеттик башкарууга таасири тууралуу суроолорго жооп берди.

Жээнбеков үй-бүлөдө 11 бир тууган болгонун, бирок азыр алардын сегизи калганын айтты. Бир туугандарын, анын ичинде иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду, башка ага-ини, эже-карындаштарынын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз ишине аралашуусуна эч качан жол бербей турганын белгиледи.

"Бакиев менен Акаевдин тагдырын билем, мен алардай болгум келбейт. Алты жылдан кийин эл арасында жүзүм жарык болушун каалайм",- деди.

Президент бир туугандары өзүнөн кызмат сурабай турганын, баары өз үй-бүлөлөрүн багууга кудурети жетерин кошумчалады. Асылбек Жээнбеков өзүнүн артынан кандайдыр бир маселелерди, саясатты чечпей турганына токтолду.

Журналисттер менен жарандык активисттерди туугандарынын саясатка аралашуу аракеттерин билип калган учурда дароо кабарлоого чакырды.

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка 2017-жылдын 24-ноябрында киришкен. Бүгүн Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын жетекчилери жана Тышкы иштер министрлигинде каттоодон өткөн чет элдик журналисттер менен жолугушту. (NT)

XS
SM
MD
LG