Жапониянын тарыхында биринчи жолу согуштук кемелердин тобун аял офицер жетектемей болду. Биринчи рангдагы капитан Рөко Адзуманын кол астында төрт кемеден турган флотилия жана бир миңдей киши бар. Бүгүн Йокосука аскер базасында өткөн салтанатта Адзума жаңы кызматына киришти.
Жапон бийлиги куралдуу күчтөргө аялзат өкүлдөрүн көбүрөөк тартууну көздөйт. Азыр алардын саны жалпы аскерлердин 6% гана түзөт. 44 жаштагы Адзума Жапонияда Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин курулган эң чоң кемени да башкармакчы.
"Идзумо" кемеси жети согуштук тик учакты жана 500 кишини ташый алат.