Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 14:52

ЖЭБдеги аварияны иликтеген депутаттык комиссия жыйын курууда


Бишкек Жылуулук электр борбору. 27-январь, 2018-жыл.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында ЖЭБге тийиштүү кызматкерлер депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында депутат Мыктыбек Абдылдаев ЖЭБдин техникалык-экономикалык негиздемеси түшүнүксүз жазылганын сындап, документтин бир да жеринде кол коюлбаганын белгиледи. ЖЭБге тийиштүү кызматкерлер техникалык-экономикалык негиздеме кытай тилинен которулганын айтышты.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоодо ири өлчөмдө каражат уурдалганы аныкталганын маалымдаган. Кылмышка шектүү катары "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Атайын кызматтын 3-марттагы билдирүүсүнө ылайык, "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилери оңдоп-түзөө иштерине жасалма келишимдерди түзүп, компанияларга акча которгон. Бирок ЖЭБ оңдоо жумуштарын өз күчү менен жүргүзгөн. Уурдалган каражат 2017-2018-жылкы күз-кыш мезгилине даярданууга бөлүнгөн. Бул фактылар боюнча УКМК бир нече берене менен кылмыш ишин козгогон.

Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдык иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук борборуна карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG