Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматына жаңы жетекчи дайындалды


Сагынбек Исмаилов.
Сагынбек Исмаилов.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 6-марттагы жарлыгы менен Сагынбек Исмаилов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Буйрукка ылайык, Сагынбек Исмаилов УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп калат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын мурунку жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараев 19-февралда өз арызы менен кызматтан кеткен. Ага улай эле Коррупцияга каршы күрөш кызматындагы жетекчилик орундарды ээлеп келген 20га жакын кызматкер иштен алынганы жана башка кызматтарга которулганы тууралуу маалымат тараган.

8-февралдагы Коопсуздук кеңешинде президент Сооронбай Жээнбеков бул кызматты "өз милдетин аткарбай жатат" деп сындап, анын өкүлдөрү "кол тийбес кастага" айланганын белгилеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG