Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:46

"Ууланды" деген орусиялык тыңчынын жана кызынын абалы оор


Cергей Скрипал Солсбери шаарында (кызы Юлия тарткан видео). 12-июль, 2012-жыл.
Cергей Скрипал Солсбери шаарында (кызы Юлия тарткан видео). 12-июль, 2012-жыл.

Британ полициясы ууланганы кабарланган мурдагы орусиялык тыңчы Сергей Скрипалдын абалын оор деп баалап жатат. Скрипал менен кошо ооруканага түшкөн аял анын кызы экенин Би-би-Си билдирди.

33 жаштагы Юлия Скрипал менен анын 66 жаштагы атасы Сергей Скрипал Англиянын Солсбери шаарындагы соода борборунда эс-учун жоготуп отурган абалында ооруканага жеткирилген.

Лондон полициясынын башчысынын орун басары Марк Роули иштин бетин ачыш үчүн “күбөлөр менен сүйлөшүп, окуя болгон жерди текшерип, токсикологиялык анализ жүргүзүп жатабыз” деп билдирди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва британ бийлиги суранса жардам берүүгө даярдыгын айтты. “Москва дайыма кызматташуу үчүн ачык” – деген Песков азырынча Лондондон андай өтүнүч түшө электигин кошумчалады.

Орусияда "мамлекеттик чыккынчылык кылган" деп айыпталып, түрмөгө кесилген Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы офицери Сергей Скрипал Англиянын Солсбери шаарында белгисиз зат менен ууланган болушу мүмкүн экени кабарланган.

Маалыматка караганда, Скрипал 1995-жылы британ чалгын кызматына мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды берип турган. Ал 1999-жылы Орусиянын куралдуу күчтөрүнөн кеткенден кийин да британдар менен кызматташуусун уланткан. Бул үчүн Скрипал акча алып турганы айтылат.

2006-жылы Москванын аймактык соту Скрипалды 13 жылга түрмөгө кескен. 2010-жылы ал мунапыс менен эркиндикке чыккан. Андан соң АКШда кармалган орусиялык агенттерге айырбашталган. Соңку жылдары Британияда жашап жүргөн.

XS
SM
MD
LG