Түштүк Кореянын президентинин администрациясы эки өлкө лидерлердин ортосунда телефон байланышын түзөөрүн 6-мартта билдирди.
“Түштүк жана Түндүк Корея Паньмыньчжондо апрелдин этегинде үчүнчү саммит өткөрүүгө макулдашканын” президент Мун Чже Индин коопсуздук боюнча кеңешчиси Чон Ый Ен билдирди. Ал ошондой эле сүйлөшүү маалында Пхеньян өзөктүк программаларын жана курал сыноосун токтотуп турууга убада бергенин кошумчалады.
Мындай билдирүү Сеулдун делегациясы Пхеньянга барып, Ким Чен Ын менен жолугуп келгенден кийин жасалды. Ким бийликке келгенден бери Сеулдун өкүлдөрү менен 5-мартта биринчи жолу кездешти.
Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасы Ким Чен Ын төрт саатка созулган кечки тамак маалында “улуттук биригүүнүн жаңы тарыхын” жазуу ниети бар экенин айтканын кабарлады.
Түштүк жана Түндүк Кореянын мамилеси Пхеньян спортчуларын Пхёнчхаңда өткөн кышкы Олимпиадага жиберүүгө макул болгондон бери жандана баштаган.
Пхеньяндын медиасы Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти менен жолугууну күн тартибине коюп, “чыныгы кадамдар” башталганын кабарлады.
Түштүк Кореянын президенти Мун Пхеньянга барууга ниетин билдирип, бирок сүйлөшүүлөрдүн максаты “өзөктүк программадан баш тартуу” болушу керек экенин эскерткен.