Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Сирияда орусиялык жүк ташыган учак кыйрады


Аскерий жүк ташыган Ан-26 учагы
Аскерий жүк ташыган Ан-26 учагы

Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын Хмеймим аэродромунда кыйраган учакта 39 киши бар болгонун билдирди. Ан-26 учагынын бортунда 33 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон. Алардын бардыгы тең аскер адамдары экени кабарланды. Тергөө комитетинин маалыматына караганда окуя боюнча кылмыш иши ачылды, адистер учуу коопсуздугунун сакталышын текшеришет.

Буга чейин Коргоо министрлиги кыйраган учакта 32 киши болгонун маалымдаган. Министрлик Ан-26 учагы атып түшүрүлбөгөнүн, техникалык себептен улам кырсыкка кабылганын ырастады.

Коргоо министрлиги курман болгондордун аты-жөнүн жарыялай элек. Социалдык сайттар Ан-26 Орусиянын аскерий аба күчтөрүнө таандык болгонун, Сирияда Алеппого жана Хмеймим базасына токтомок экенин жазышты.

Февраль айынын башында Идлиб провинциясында орусиялык Су-25 аскер учагы атып түшүрүлүп, учкуч курман болгон.

XS
SM
MD
LG