Улуттар Уюмунун тергөөчүлөрү былтыр Сирияда базарга урулган авиасоккуга Орусиянын тиешеси болушу мүмкүн деп тапты. Анда 84 кишинин өмүрү кыйылган. БУУ карапайым адамдарга сокку урууну “аскерий кылмыш” деп санайт.
Сирия боюнча Улуттар Уюмунун иликтөөчүлөрүнүн комиссиясы өз баяндамасында Сириядагы жайкын тургундардын өлүмү үчүн Орусиянын жоопкерчилигин белгилейт.
Ошондой эле докладда АКШ башында турган "Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы согушуп жаткан коалиция 2017-жылдын 20-мартында бутага алынган жайдын координаттарын так аныктабагандыктан, Сириянын түндүгүндө мектепте баш калкалаган 150 адам набыт кеткенин белгилейт.
Эл аралык коалициянын соккусу эмне максатты көздөгөнүнө баа бериши керек болчу деп айтылат баяндамада. Коалиция болсо өз күнөөсүн мойнуна алып, мектепке жашынып алган 30 жоочу бутага алынганын билдирген.