Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:21

Казакстанда абакта жаткан депутат медициналык бөлүккө которулду


Депутат Дамирбек Асылбек уулу.

Бул тууралуу Казакстандын акыйкатчысы Аскар Шакиров Кыргызстандын омбудсмени Кубат Оторбаевдин катына жазган жообунда билдиргенин бул мекеменин басма сөз катчысы Элмира Мадиева "Азаттыкка" маалымдады:

- Казакстандын акыйкатчысы жиберген маалымат боюнча, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу саламаттыгына байланыштуу тергөө абагынын медициналык бөлүгүнө которулган. Ал эми дагы эки жараныбыз Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадиловдун абалдары жакшы экени айтылган.

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин өтүнүчү менен Аскар Шакиров Казакстандын Башкы прокуратурасына кайрылып, кыргызстандык жарандардын укуктарынын сакталышы боюнча так маалымат берүүнү өтүнгөн. Бул кайрылууга ылайык, башкы көзөмөл органынын кызматкерлери Алматы шаарындагы кыргызстандык жарандардын жагдайы менен таанышып, алар менен аңгемелешкен.

Башкы прокуратуранын кызматкерлери депутат Дамирбек Асылбек уулу панкреатит оорусу менен жабыркаганы үчүн медициналык бөлүккө которулганын аныкташкан. Ошондой эле прокурорлор кыргызстандык жарандардын денесинен кыйноонун издерин байкашкан эмес, алар өздөрү да токмок жебегенин жана башка кыйноого дуушар болбогонун билдиришкен.

Казак Акыйкатчысынын маалыматы боюнча, абактагы кыргызстандыктардын иши адвокаттардын катышуусунда жүргүзүлүп жатат.

22-февралда алардын абалы менен Кыргызстандын Алматыдагы консулдук кызматкерлери да жолугуп чыгышкан. Абактагылар эч кандай арыз-доомат айтышкан эмес. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG