Расмий Сеул эгер Пхеньян АКШ менен Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча сүйлөшүүлөр уюштурула турган болсо, өзөктүк куралды жана ракеталарды сыноону токтотууга макул болгонун да маалымдап жатат. "Америка авазынын" кабарына караганда, Ак үй азырынча бул билдирүүлөр боюнча расмий пикирин айта элек.
Түштүк Кореянын президентинин кеңешчиси Чон Ый Ён шейшембиде маалымдагандай, Түндүк Корея АКШ менен денуклеаризация жана Пхеньян менен Вашингтондун мамилесин калыптандыруу маселелери боюнча "ачык" сүйлөшүүгө барууга даяр экенин билдирген. Кеңешчинин айтымында, Пхеньян эгер Түштүк Корея менен согушуу коркунучтары жок кылынса, өзөктүк программанын зарылчылыгы жок болорун түшүндүрүүдө.
АКШнын президенти Доналд Трамп "Твиттердеги" баракчасында Түндүк Корея менен башталышы мүмкүн болгон сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматтарга комментарий берип жатып, көп жылдардан бери "кызыкчылыгы бар тараптардын баары олуттуу аракет кылып жатышат" деп жазды.
Түштүк Корея өкмөтү шейшембиде Пхеньян менен апрель айынын аягында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макул болгонун билдирген. Президент Мун Чжэ Индин басма сөз кызматы тараптар эки лидердин телефон аркылуу түз байланышын түзүүнү макулдашкан.