Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:14

Чаткалда "компания өкүлдөрү сабады" деген аял милицияга доомат койду


Чаткалдагы чогулган эл.
Чаткалдагы чогулган эл.

Райондун Чакмак-Суу айылынын тургуну Умугүлсүн Мансурбекова аймакта кен иштеткен компаниянын өкүлдөрү аны жумушунан негизсиз бошотуп, ур-тепкиге алганын айтып милицияга кайрылган. Ал "райондук ички иштер бөлүмү окуяны териштирбей жаап салды" деп доомат койду. Анын айтымында, былтыр жаз айларында кен казуу иштерин жүргүзүп жаткан “Кичи-Чаарат” компаниясына караштуу аткаруучу фирманын жетекчиси аны жумуштан кетирип, ур-тепкиге алган. Бул туурасында ал Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, тергөөчү аялды соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө жөнөтөт. Бирок жолдун узактыгына байланыштуу Мансурбекова соттук медициналык кароодон өтө алган эмес. Ал ошол боюнча милиция ишти тергебестен жаап салганын айтты.

Ал эми Чаткал райондук милициясынын өкүлдөрү билдиришкендей, 2017-жылдын июль айларында Умугүлсүн Мансурбекованын арызы кылмыш каттоо китебине жазылган. Ал өзү керектүү текшерүүдөн өтпөгөндүктөн жана далил күбөлөр жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG