Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Молдо Нияздын бала окуткан үжүрөсү музейге айланат


Молдо Нияздын үжүрөсү.
Молдо Нияздын үжүрөсү.

Бир убакта Молдо Нияз балдарды үжүрө шартында окуткан үңкүрдү Кызыл-Булак айылындагы жазмакердин атын алып жүргөн орто мектептин окуучулары тазалашты. Аталган мектептин мугалими Гүлола Нажиеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, учурда үңкүрдүн ичи толук тазаланып, ага баруучу жол ачылды. Үңкүрдүн ичине мурунку убагындагыдай очок орнотуп, эшик-дубал коюп, музейге айландыруу аракети көрүлүүдө.

Кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, ойчул, жазма акын Молдо Нияз мектеп катары колдонуп, жергиликтүү балдардын сабатын ачкан үңкүр кийинки убактарда кароосуз калып, чөп басып кеткенин, ага алып баруучу жол да тосулуп калганын "Азаттык" буга чейин жазган эле.

Молдо Нияз 1823-жылы Кызыл-Булак айылында туулган. Ал өмүр, адеп-ахлак темаларын санат ырлары менен жазган. Кокон хандыгынын карамагында жашаган кыргыздардын тарыхын кагазга түшүргөн. Жарык көргөн жети китебинин үчөө учурда Кызыл-Булактагы музейинде сакталып турат. Акын 1896-жылы көз жумган. (MdN)

XS
SM
MD
LG