"Өзбекстан аба жолдору" авиакомпаниясынын Ташкенттен Навоиге учкан "Боинг-757" учагы тиешелүү бийиктикке көтөрүлбөстөн кайра конууга мажбур болду. Бул тууралуу 6-мартта ушул каттамдын жүргүнчүлөрүнүн бири билдирди. Анын айтуусунда, кайра конууга Навои тараптан келүүчү жүктүн жок экени себеп болгон:
- Аэропорттун диспетчери учак учуп кеткенден кийин тигил тараптан кайра ала келүүгө жүк жок экенин аныктаган. Ошондон улам тиешелүү бийиктикке көтөрүлө элек учакты кайра кондурушту. Жүргүнчүлөрдү эч нерсе түшүндүрбөстөн учактан түшүрүштү. Аларга билеттин акчасы да кайтарылып берилген жок. Анткени ички каттамдар үчүн билеттин акчасын кайтарып берүү каралган эмес, - деди жүргүнчү.
"Өзбекстан аба жолдору" авиакомпаниянын сайтында Навоиге учкан "Боинг-757" учагынын кайрадан Ташкент аэропортуна конгон себептери жазылган эмес.