Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Жапон өкмөтү Кыргызстанга 6,2 млн. доллар берет


Келишимге кол коюу учуру.
Келишимге кол коюу учуру.

Бул каражат эне менен баланын саламаттыгын бекемдөө жана баңгизат сатууга каршы күрөш үчүн грант түрүндө берилмекчи. Мындай келишимге 6-мартта кыргыз өкмөт башчы Сапар Исаков, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамуро, ЮНИСЕФтин Балдар фондунун өкүлү Юкиэ Мокуо жана Улуттар Уюмунун Баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын аймактык өкүлү Ашита Миттал кол коюшту.

- Жапония Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери ага жардам берип келатат. ЮНИСЕФ менен Улуттар Уюмунун буга чейинки долбоорлорунун натыйжаларынан улам бул долбоор да Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга салым кошот деп ишенем, - деди элчи Ёсихиро Ямамуро.

Ал эми Улуттар Уюмунун Баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын аймактык өкүлү Ашита Миттал Кыргызстан Ооганстанга жакын жайгашканын белгилеп, жапон өкмөтү тарабынан берилүүчү 2,7 млн. долларлык грантты баңгизаттарды көзөмөлдөөгө техникалык колдоо көрсөтүш үчүн колдоноорун билдирди.

- Баңгизаттардын мыйзамсыз сатылышынан жабыркап жаткан өлкөлөрдөгү көп маселелерди чечүү жана өлкө жарандарынын саламаттыгын бекемдөө үчүн баңгизат сатууну токтотуу системасын куруу маанилүү, - деди Ашита Миттал.

Эл аралык иликтөөлөр былтыр Ооганстандын талааларында өстүрүлгөн апийим 63% көбөйгөнүн маалымдаган. Анын көпчүлүк бөлүгү Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Орусияга жана Европага сатылат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттар Уюмунун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын аймактык өкүлчүлүгү маалымдады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG