Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

"Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору кармалды


Алмаз Жусупбеков.
Алмаз Жусупбеков.

"Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камалды. Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов 7-мартта билдиргендей, ал Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоого бөлүнгөн акчанын уурдалышы боюнча шек саналууда.

Өткөн аптада "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев да камакка алынган.

Быйыл 26-январда Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүштүрүүчү жабдык иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок.

Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча элдин нааразылыгын жараткан.

УКМК 3-мартта билдирүү таратып, ишкананы оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн акчаны кымырып алуу фактылары аныкталганын, Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен кылмыш иши ачылганын маалымдаган. (SE)

XS
SM
MD
LG