Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:32

Пирматов: Өзбекстандын аймагына өтүүчү каналдан суу келбей калды


Ала-Бука району.
Ала-Бука району.

7-марттагы парламент жыйынында депутат Исках Пирматов Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы 1-май, Көк-Серек, Көк-Таш айыл өкмөттөрү сугат суусуз калганын айтып чыкты. Депутаттын айтымында, эки жумадан бери Орто-Токой суу сактагычынан Өзбекстандын аймагы аркылуу келүүчү Чуст каналында суу токтоп калды.

- Совет мезгилинен бери Орто-Токой суу сактагычынан чыккан суу ошол үч ири айыл өкмөткө барып жүргөн. Бүгүн эч кандай себеби жок токтоп калды. Аны барып Өзбекстан тараптан сураган киши жок. Тышкы иштер министрлиги аркылуу чара көрүш керек. Азыр айыл суусуз калып, ар кандай оору чыгып кетиши ыктымал болуп жатат.

Буга айыл чарба министри Нурбек Мурашев тактаган соң жооп берээрин маалымдады.

2017-жылдын 6-октябрында Ташкентте кол коюлган Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычын пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору парламенттин кароосуна коюлган.

Документке мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстандагы иш сапарында кол коюлган. Ага ылайык объектини кайтаруу, иштетүү жана башкаруу толугу менен Кыргызстанга өтөөрү айтылган. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алган.

Орто-Токой суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек ара сызыгынан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Буга чейин суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калып, ага ээлик кылуунун шарттары дээрлик 25 жылдан бери чечилбей келген. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, Орто-Токой Кыргызстандын 1,5 миң гектар, Өзбекстандын 28 миң гектар жерин сугарат. (TSh)

XS
SM
MD
LG