Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Чикагодо кыргыз жараны адам уурдоого шектүү катары кармалганы кабарланды


Чикаго шаары.
Чикаго шаары.

АКШнын Чикаго шаарында 27 жаштагы кыргызстандык адам уурдоого шектүү катары кармалганын "Chikago Tribune" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ишемби күнү ал 24 жаштагы кызды бир сааттан ашуун машинесинде кармап отурган жана жыныстык катнашка мажбурлаган. Маалыматта кыз качып кеткени, бирок машинеде телефону калганы айтылат. Полиция телефондогу сигнал аркылуу шектүүнү колго түшүргөн. Тергөө маалыматына таянып жазылган кабарга караганда, кыз мас болгон.

Шектүүгө адам уурдоо, сексуалдык ыдык көрсөтүү сыяктуу бир канча айып тагылууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева кыргызстандыктын кармалышы боюнча маалыматтын чын-төгүнү такталып жатканын билдирди. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG