Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:56

Би-Би-Синин кабарчысы орус депутатынан жыныстык ыдык көргөнүн айтууда


Леонид Слуцкий.

Би-Би-Синин кабарчысы орус депутатын "жыныстык ыдык көрсөттү" деп күнөөлөдү. Би-Би-Синин орус кызматында иштеген Фарида Рустамова - депутат Леонид Слуцкийди ушундай аракеттерге барды деп ачык күнөөлөп чыккан үчүнчү журналист.

Былтыр 24-мартта комментарий алыш үчүн Думанын Эл аралык мамилелер комитетинин төрагасы Леонид Слуцкийдин бөлмөсүнө келгенин билдирген Рустамова депутат ага сөзү жана колу менен тийишкенин белгилейт.

Мунун баары журналисттин диктофонуна жазылып калган. Үн азыр Би-Би-Сиде.

Эскерте кетсек, өткөн айда “Дождь” телеканалынын продюсери Дарья Жук жана RTVI телеканалынын кызматкери Екатерина Котрикадзе да депутат Леонид Слуцкийди "жыныстык ыдык көрсөттү" деп күнөөлөп чыгышкан.

ЛДПРдин депутаты Слуцикий өз дарегине айтылган дооматты моюнга алган жок.

XS
SM
MD
LG