Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

ЖАМК: алдамчылык менен абакка кесилген аялдар көбөйдү


Степное айылындагы аялдар түрмөсү. 18-февраль, 2011-жыл.
Степное айылындагы аялдар түрмөсү. 18-февраль, 2011-жыл.

Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 аялдар абагынын жетекчиси Аман Искендеров маалымдады. Анын айтымында, акыркы убакта аялдар абагына Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") менен түшкөндөр көбөйдү.

- Акыркы кезде "Алдамчылык" беренеси менен отургандар көбөйүп баратат. Азыр аялдар бирөөдөн карыз же күрөөгө акча алып, төлөй албай калып жатышат. Ал эми жабырлануучулардын арызынын негизинде "Алдамчылык" беренеси менен соттолуп атышат.

Бишкектин четиндеги Степное айылында аялдар жаза өтөй турган жалгыз абак жайгашкан. Ал жерде азыр жазасын өтөп жаткан үч жүздөй аялдын көбү лагер тибиндеги бул жайда айып күндөрүн өткөрүшөт. Ички тартипке баш ийбегендери гана күчөтүлгөн тартиптеги камерада кармалат. (TSh)

XS
SM
MD
LG