Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:03

Чеченстанда тик учма кулап, адамдар мерт болду


МИ-8 тик учмасы. Иллюстративдик сүрөт
МИ-8 тик учмасы. Иллюстративдик сүрөт

Чеченстанда МИ-8 үлгүсүндөгү тик учма кулап түштү. Кырсыктан мерт болгондор бар экени кабарланып, тик учма Чек ара кызматына таандык болгону болжолдонууда.

Кырсыктан каза болгондор тууралуу ар түрдүү маалыматтар чыгып жатат. ТАССтын кабарына караганда, кырсыктан 8 киши, "Интерфакстын" маалыматы боюнча 9 киши көз жумган, ал эми РИА "Новости" 5 киши курман болгонун кабарлады.

XS
SM
MD
LG