Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:49

Ош шаарынан 156 тонна таштанды чыгарылды


Ош шаары
Ош шаары

Жазгы тазалоо иштеринин алгачкы бир жумасында Ош шаарынан 156 тонна таштанды чыгарылып, 1137 көчөт отургузулду. Мындан тышкары жол жээктериндеги 50 чакырым арык тазаланды. Бул тууралуу 7-мартта мэриянын жыйынында айтылды.

Вице-мэр Асылбек Топчубаев мындан ары да шаарды таза кармоо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө шаар мекемелеринин, коммуналдык кызматтардын жана окуу жайлардын ортосундагы байланышты тереңдетип, чогуу иш жүргүзүүнү тапшырды.

Ал эми санитардык жана экотехинспекциялык кызматтарга шаар тазалыгына көзөмөлдүү күчөтүүнү тапшырды.

Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн айда айрым социалдык тармактарда Ош шаарындагы санитардык абалга сын айтылып, буга шаар жетекчилигин айыптагандар болгон.(MdN)

XS
SM
MD
LG