Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

"Илек-илек" спектакли Бишкекте коюлат


"Илек-илектин" автору жана спектаклди койгон режиссер, жазуучу-драматург Султан Раевдин айтуусунда, спектаклде Ош драма театрынын артисттери ойнойт.

- "Илек-илек" социалдык өтө курч теманы камтыган драма. Себеби анда замандын эң көйгөйлүү маселелери - ыйман, ой-жүгүртүү, адамдын дөөлөтү, деги эле бүгүнкү турмушубузда болуп жаткан орчундуу көйгөйлөр бар. Ошто спектакл боюнча чоң талкуулар болду, -деди Раев.

"Илек-илек "спектакли "Туңгуч" театрынын артисттеринин аткаруусунда 2016-жылы алгачкы жолу коюлган. 2017-жылы аталган театр бул спектакл менен Лондондо өткөн эл аралык театралдык фестивалда "Алтын таажы" атайын байгесин жеңип алган. Ал эми башкы ролду ойногон Жамал Сейдакматовага "Дүйнөлүк театр өнөрүнө кошкон салымы үчүн" деген сыйлык ыйгарылган.

Быйыл аталган спектаклди Ош драма театрынын артисттери коюп, көрүүчүлөргө тартуулашкан.

"Илек-илек" спектакли Бишкекте 13-14-15-мартта, Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG