Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Мамбетовдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Нарын шаарындагы орто мектептердин биринде окуган 6-класстын окуучусу асма көпүрөдөн дарыяга боюн таштаган.
Окуя 5-март күнү болгон. Жакындары кызды бир сутка бою издеп, сөөгүн суунун жээгинен табышкан.
Мамбетовдун билдиришинче, бул окуяга үй-бүлөлүк чыр-чатак себеп болгон. Маркум кыздын ата-энеси "мектепке эч кандай дообуз жок" деген билдирме жазып беришкен.
Өткөн айда Ат-Башы районунда 6-класстын окуучусу ата-энесине таарынып, өз өмүрүнө кол салган. Аны жакындары өз үйүнүн сарайында асылып турган жеринен табышкан. (MiK)