Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Tez Jet компаниясынын учкучтары сыйлыкка көрсөтүлөт


Бишкек-Баткен багытында бара жатып, кыймылдаткычтарынын бири иштен чыккан учактын учкучтары: Дмитрий Палашкин менен Талгат Миндибаевди алар иштеген Tez Jet аба компаниясы эр жүрөктүүлүгү үчүн сыйлады.

Аталган компаниянын маалыматы боюнча, эми аларды расмий сыйлыкка көрсөтүү маселеси каралып жатат. Бул тергөө иштери аяктагандан кийин ишке ашат.

7-март күнү учкучтар менен Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Карамат Орозова Баткенде жолугуп, аларга учак жүргүнчүлөрүн аман-эсен жерге кондурганына ыраазычылык билдирди.

1-март күнү Tez Jet аба компаниясынын Бишкек-Баткен багытында бараткан учагы 22 мүнөттүк учуудан кийин, кайра Бишкекке конууга аргасыз болгон. Буга учак кыймылдаткычтарынын бири иштебей калганы себеп болгон. Учакта 96 жүргүнчү болгон, эч кимиси жабыркаган эмес.

Бул факты боюнча Бишкек ШИИБ "Аба, темир же суу жолундагы эксплуатация жана кыймыл эрежелеринин бузулушу" деген берене менен кылмыш ишин козгогон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG