Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Флоридада окуучуларды аткан адамга айып тагылды


Николас Круз сотко алынып келинген учур. 19-февраль, 2018-жыл.
Николас Круз сотко алынып келинген учур. 19-февраль, 2018-жыл.

Флорида штатынын соттук кеңешмеси Николас Крузду 17 адамды атайылап өлтүргөн деп айыптады.

19 жаштагы Николас Круз 14-февраль күнү штаттын Парклэнд шаарында мектеп окуучуларын атып, 17 кишини өлтүргөн. Эгер сот аны айыптуу деп тапса, өмүр бою эркинен ажыратылат же өлүм жазасына тартылат. 

Николас Круз шектүү жүрүш-турушуна карабай, мылтыкты мыйзамдуу сатып алган. Круздун адамдарды атары тууралуу эскертүү ФБРге январда келип түшкөнүн иликтөө мекемеси мойнуна алды. 

Жергиликтүү полиция Круздун жүрүм-туруму тууралуу каргашанын алдында билишкенин маалымдады. Николастын энеси анын кыял-жоругуна чыдабай, бир нече жолу полиция чакырган.

 

XS
SM
MD
LG