Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:53

Бишкектин тургундарын кооптондурган төрт көйгөй аныкталды


Бишкек шаары
Бишкек шаары

“Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык биримдиги изилдөө жүргүзүп Бишкек шаарынын тургундарын кооптондурган эң негизги төрт жагдайды аныктап чыкты. Бул тууралуу аталган уюмдун өкүлү Урмат Казакбаев “Азаттык” радиосуна билдирди.

Казакбаевдин билдиришинче, изилдөө учурунда борбор калаанын жашоочулары биринчи кезекте жол коопсуздугу сакталбаганына жана кырсыктар көп катталып жатканына тынчсызданышарын билдиришкен. Шаар тургундары ошондой эле өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук – бейбаштык, рэкетчилик жана мушташтар кабатыр кыларын айтышкан.

Үчүнчү орчундуу көйгөй үйлөргө кирген уурулуктун көбөйүп жатышы, төртүнчүсү жарык жоктугунан коомдук жайларда, көчөлөрдө жүрүү кооптуу экендигин аныкталган. Тургундар шаар бийликтерин биринчи кезекте ушул көйгөйлөрдү чечүүсүн суранышкан.

Жергиликтүү бийликтер менен чогуу жүргүзүлгөн иликтөөнүн соңунда, бул маселелерди чечүү сунуштары да иштелип чыккан. Анүчүн маселен борбор калаада жол ылдамдыгына чектөөнү төмөндөтүү, окуучулардын кийимдерине автоунаа жарыгын чагылдыруучу ленталарды милдеттүү тактыруу, өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, көп кабаттуу үйлөрдүн алдын жарыктандыруу жана видеокамераларды көбөйтүү демилгелери айтылган. (ErN)

Жашоого ыңгайсыз шаар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:56 0:00

XS
SM
MD
LG