Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

"Кылым шамы” Ирактагы кыргызстандык аялдар боюнча эл аралык уюмдарга кайрылды


Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

Иракта түрмөдө камалып жатканы кабарланган үч кыргызстандык аял боюнча “Кылым шамы” уюму эл аралык “Кызыл чырым” (“Красный крест”) комитетине кайрылды. Бул тууралуу “Кылым шамы” борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” билдирди:

- “Багдад шаарындагы түрмөдө Кыргызстандын үч жараны кармалып жатат экен, аттары мындай экен, ошону тактоого жардам бергиле” деген катты Кызыл чырым комитетинин Женевадагы башкы кеңсесине жөнөттүм. Эгер ал жерде чындап биздин жарандар камалып жатканы аныкталса, анда Ирактагы укук коргоочуларга, Ирак мамлекетинин Акыйкатчысына кайрылып, алардан да жардам сурайм. Биздин жарандар өмүр бою камалса да, биз жок дегенде аларды өлүм жазасына тартылуудан сактап калышыбыз керек. Жок дегенде алардын балдарын Кыргызстанга алып келүүгө кам көрүшүбүз керек.

Абдирасулова аталган комитетке жеке укук коргоочу катары кайрылганын, уюмдан Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү да расмий жардам сурашы керек экенин айтат. “Мамлекет кайрылганда тез чара көрүлүшү мүмкүн” дейт ал. Укук коргоочу ошондой эле Ирактагы жарандары боюнча Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине тез арада кайрылуу жибериши керек экенин белгилейт.

Буга чейин "РИА Новости” маалымат агенттиги Иракта кыргызстандык үч аял террорчулукка шектүү катары камалып жатканын жазып чыккан. Басылмага менен маектешкен чечен президентинин Жакынкы Чыгыштагы өкүлү Зияд Сабсаби кыргызстандык Асел Асилжан кызы, Зухра Кадирова жана Фатима Маруфжанова аттуу жарандар балдары менен Багдаддагы түрмөдө жатканын билдирген. Сабсаби аялдар террорчулук жана Ирактын чек арасын мыйзамсыз бузуу боюнча айыпталып жатканын, алар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин айткан.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана Тышкы иштер министрлиги бул боюнча маалымат териштирилип жатканын билдиришти. (ErN)

XS
SM
MD
LG